​АКШ кыргыз-тажик чек ара жаңжалын жөнгө салууга көмөктөшөт

  • 3 года мурун

10-май күнү Атлантикалык кеңеш уюштурган вебинарда АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара жаңжалын жөнгө салууда ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.


Эки мамлекеттин жетекчилиги менен Бишкек жана Душанбе шаарларындагы элчиликтери аркылуу түз байланышып турганын айткан Жонатан Хеник:

«Кырдаал толук жөнгө салынды деп ойлобойбуз. Ал чечилген жок. Калктын үйлөрүнө кайтып келиши жана калыбына келтирүү иштери үчүн шарттарды түзүү үчүн тынчтык жана туруктуулук талап кылынат. Биз эки мамлекеттин жетекчилигин жоопкерчиликти өз мойнуна алууга, мындай окуянын кайталанбашы үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырдык», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты