​Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп баштады

  • 3 года мурун

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан көбүрөөк жапа чеккен Лейлек районундагы Максат айылында бүгүн, 11- майда өрттөлүп, талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайларды куруу иши башталды.


Баткен облусундагы жарандардын талкаланган турак жайларын калыбына келтирүү милдетин кыргызстандык жеке менчик курулуш компаниялары мойнуна алган. Ал эми мамлекет бузулган инфраструктуралык түзүмдөрдү, социалдык обьектилерди калыбына келтирет.
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл өкмөттүн имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.
Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат. Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

Фото Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты