Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлат же менчиктештирилет
- 4 года мурун
Экономика жана каржы министрлиги мамлекеттик активдерди башкарууда жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги багыттарын белгиледи.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо экономиканы өнүктүрүүнүн негизги беш багыттарынын бири. Анын түпкү максаты — өнүккөн рыноктук инфраструктура үчүн шарттарды түзүү. Ошол эле учурда, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн минималдаштыруу.
Ошондуктан, натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү чечими кабыл алынган.
Ошол эле учурда түздөн-түз мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик социалдык объектилер менчиктештирилбей тургандыгын министрлик баса белгиледи.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү