Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүү фактысы аныкталды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын тобунун жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүүгө шектелүүдө.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 2011-жылы Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке материалдык байлык топтоо максатында жана айрым жарандардын кызыкчылыгы үчүн Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар аянттагы айыл чарба жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.
2024-жылы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жер тилкеси мыйзамсыз түрдө айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлерине өзгөртүлүп, бул анын базар баасынын бир нече эсеге жогорулашына алып келген.
Андан соң, аталган жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин төрт кызматкери Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э. жана Манас айыл өкмөтүнүн эки кызматкери — Р.А. жана Х.Н. коррупция боюнча айыпталып, тергөө иштери уланууда.






Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Баш сүрөт: Интернет булактарынан




