ЖК комитети бир катар чет өлкөгө элчилердин жана башкы консулдун талапкерлигин жактырды
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 10-майдагы кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө талапкерлерди бекитүү маселесин карады.
ЖК тарамктык комитети Кыргыз Республикасынын төмөнкү чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнө талапкерлерди дайындоону жактырды:
Талант Султановдун талапкерлиги — Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси кызмат ордуна;
— Таалай Базарбаев Италиядагы элчи кызматына талапкерлиги / Кыргыз Республикасынын БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римдеги башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчи кызмат ордуна Азамат Карагуловдун талапкерлиги;
— Лира Сыдыкованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызмат ордуна талапкерлиги жактырылды.
Сүрөттө: Талапкер Талант Султанов.