Мэрия «Ала-Тоо» аянтына вермахт аскеринин сүрөтүн илип койгон
- 3 года мурун
Бишкек шаардык мэриясы 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата борбордук Ала-Тоо аянтын согуш тематикасындагы сүрөттөр менен кооздогон.
Журналист Семетей Аманбеков андагы сүрөттөрдүн биринде советтик жоокерди туткундап бара жаткан немис офицери экенин жазып чыкты.
Ошондой эле Бишкек шаарынын №29 орто мектебинин алдында да немис аскеринин баш кийими тартылган баннерди илип коюшкан. Мектептин администрациясы катасын мойнуна алып, бул мүчүлүштүктү байкоосуздан кетирип алышканын айтышкан.
Фото Семетей Аманбековдуку
Муну бөлүшүү