​Чолпонбек Абыкеев кеңешчилик кызматка барды

  • 3 года мурун

Чолпонбек Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады.

Чолпонбек Абыкеев «Бриллиант жылан» детективи менен көпчүлүккө таанылган белгилүү журналист жана жазуучу. Кыргыз тилдүү «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү.

Мамлекеттик архив агенттигин жетектеп, Президенттик аппараттын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясы учурунда аны жандап, колдоп жүргөн. Кийин Бекбосун Бөрүбашов төрагалык кылган конституциялык жыйынга мүчө болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты