​«The Diplomat» Кыргызстанда эркин ой жүгүрткөндөргө кысым күч алганын жазды

  • 3 года мурун

Токиодо ай сайын чыгуучу «The Diplomat» журналы кыргыз бийлигинин акыркы иш-аракеттерине байланыштуу макала жарыялап, бийликтин саясатына макул эмес жарандарга карата кысым күч алып жатканын жазды.


Макаланын автору Коллин Вуд 11-апрелде кабыл алынып, 5-майда Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган жаңы Конституция дагы өз алдынча ой жүгүрткөндөргө кысым көрсөтүүнүн куралы болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен.

«Кыргызстанда өткөн жылдын жай мезгилинде COVID-19 илдетинин эң оор толкуну каптаганда да, октябрь айында болгон тополоң учурунда да, жакында эле кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда да ыктыярчылар, жөнөкөй жарандар жабыр тарткандарга жардам берип, биримдүүлүк менен кырдаалды жайгарып кетишкен. Кыргыз коомчулугу өз камын өзү көрүп жаткан учурда, өлкө бийлиги Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү менен алек болду», — деп жазган «The Diplomat» журналы.

Ошондой эле автор макаласында «экстремисттик уюм түзүү» беренесине «саясий кастыкты козутуу» түшүнүгүнүн киргизилиши Кыргызстандагы сөз эркиндигинин муунтулушуна, оппозициялык ой пикирлерди басууга багытталганын баса белгилеген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты