​БШК кандай учурда Бишкекте кайра шайлоо өтүшү мүмкүн экенин айтты

  • 3 года мурун

Бүгүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгону шайлоонун жыйынтыгын чыгара баштайт.


Бишкек АШКнын төрагасы Кайрат Маматов шайлоодон четтетилип, бюллетендери жараксыз деп табылган НДПК партиясы боюнча Жогорку соттун чечиминин көчүрмөсүн күтүп жатканын айткан.

Ал эми өткөн жуманын акырында «Эмгек» партиясын шайлоодон четтетпесе, мандаттарынан баш тартаарын билдирген Нариман Түлеевдин «Ак Бата» партиясынын тизмесинен чыгуу боюнча бир дагы талапкерден арыз түшпөгөнүн кошумчалады.

Экс-мэр Нариман Түлеевдин кайра шайлоо өткөрүү талабы орунсуз экенин кыйыткан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторунун үчтөн бириндеги жыйынтыктар жараксыз деп табылса гана кайра шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн деп түшүндүрдү.

Нариман Түлеев 7 — майда Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну, кайрадан шайлоо жарыялоону жана ага «Эмгек» партиясын катыштырбоону талап кылып чыккан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты