Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктап, кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык тиледи

  • 3 года мурун

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.


“9-май биздин өлкөлөрдүн кийинки тарыхындагы маанилүү дата. Мен кыргыз-тажик достугу, коңшулаштык жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүп, өсө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун кайрылуусунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди каалап, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү тиледи.

Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара чатагын тынчтык жолу менен чечүү ниети бар экенин билдиргенин тажик президентинин маалымат кызматы кабарлаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты