​Ысык-Көлдө уу коргошундан каза болгондор бар

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылынын 67 жаштагы тургуну уу коргошун (аконит) ичип, өмүрү кыйылганын Ысык-Көл райондук ооруканасынан тастыкташты.


6-май күнү кечки саат 9дарда ооруканага түшкөн аял, бир сааттан кийин көз жумган. Врачтар «уу коргошунга ууланган» деген диоагноз коюшту.

24,kg маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге шилтеме кылып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасында 60 жаштагы эркек киши аконитке ууланып, каза болгонун жазды.

Бул окуяны министр тастыктап «Ысык-Көлдө көп адам эчактан бери эле уу коргошун ичип, дарыланышат. Бирок бул окуя биз кайнаткан уу коргошунга эч кандай тиешеси жок» — деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты