​Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Россияга барды

  • 3 года мурун

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Москвага барды. Рахмон орус лидери Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.

“Рахмондун визитинде Путин менен жолугушуусу жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) учурдагы жетекчиси катары 9-майда Москванын Кызыл аянтындагы Улуу Жеңиш майрамынын 76-жылдыгына арналган аскердик парадга катышары күтүлүүдө”, — деп айтылат.

Буга чейин Рахмондун пресс-катчысы Абдуфаттох Шарифзода президент Путин менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы талкууларын билдирген.

“Тажикстан жана Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү. Андыктан чек арадагы жаңжал дагы талкууланат”, — деген Шарифзода.

Кыргыз президентинин пресс-катчысы Галина Байтерек болсо Садыр Жапаров пандемиядан улам Москвага барбай турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты