Баткенге жардам берүүгө Ысык-Көлдөн алты уста кетти

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылынан алты уста, шаймандары, төшөнчү, азык-түлүгү менен Баткенге аттанышты. Алар өрттөнгөн үйлөрдү тургузууга жардам беришет.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты