Баткенде барымтага алынгандарды кыйнашканы ырасталды

  • 3 года мурун

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктарга карата кыйноолорду колдонгонун ырастады. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.

Борбордун директору Бакыт Рысбеков туткунга түшкөн мекендештер менен жолугушуунун жыйынтыгында алар кыйноого кабылганын тастыктаганы белгиленет.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты