Баткенде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады
- 4 года мурун
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулаары айтылат.
Талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.
Муну бөлүшүү