​FIDH чек ара жаңжалындагы айыптууларды жоопко тартуу үчүн Кыргызстанды Рим статутун ратификациялоого чакырды

  • 3 года мурун

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights — FIDH) апрель айынын аягы, май айынын башында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда тынч турмуштагы жарандардын укугунун бузулушун иликтейт.


Ошондой эле FIDH Тажикстан тараптан жасалган куралдуу кол салууда эл аралык гуманитардык жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн Кыргызстанды Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого чакырды.

Белгилүү юрист, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Кыргызстандын жөнөкөй жарандарына куралдуу кол салууну уюштурган Тажикстандын расмий бийлик адамдарын Эл аралык кылмыш сотунда жоопкерчиликке тарттыруу керек экендигин айткан.

Бирок Кыргызстандын Башкы прокуратурасы биздин өлкө Рим статутун ратификациялабаганын айтып чыккан.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта карапайым элге оор курал колдонулганын, бул аракет дүйнөдө тыюу салынганын эскертип, келечекте мындай кандуу кол салууну болтурбоо үчүн эл аралык коомчулукту тезинен чара көрүүгө чакырган.

29-апрель күнү Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын чек арасына кол салып, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына минамет, гранатамет сыяктуу оор куралдар менен элге каршы жапырт ок чыгарышкан. Натыйжада Кыргызстандын 25 жараны ошол жерде жан берген.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандан 36 адам, анын ичинде эки наристе көз жумган.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights — FIDH) – бул 100дөн ашык өлкөдө иш алып барган, 178 мүчө уюмдары бар, эч бир мамлекетке, эч бир саясий күчкө баш ийбеген бирикме.


Мындан 99 жылы мурун, 1922 – жылы уюшулган бул федерация адам укуктарын коргоо, аны бузган күнөөлүү тарапты жоопко тартуу сыяктуу иштерди ийгиликтүү аткарып келет.

Фото интернеттен алдынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты