Садыр Жапаров чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын билдирди
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров Баткенде Маргун айылынын тургундары менен жолугушуусунда чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай тургандыгын билдирди.
Садыр Жапаров 6-майда аталган облуска жумушчу сапар менен барды.
«Азаттыктын» Баткен облусунда жүргөн кабарчысы президенттин жолугушууларын сүрөт-видеого тартууга тыюу салынганын билдирди. Күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга Жапаровдун тургундар менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттуусуна тыюу салып, тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышкан.
Бир мамлекеттик каналдарына тартууга уруксат берилгендиги айтылууда.
Буга чейин Жапаровдун Тажикстанга сапары май айынын экинчи жарымына белгиленген эле.
Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан чыккан.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды