Жеңиш Молдокматов 48 саатка кармалды

  • 3 года мурун

2020-жылы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.

Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» боюнча кылмышка шектелип жатканын айтты:

“Молдокматов октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө”, — деди Турдалиев.

Адвокаттын айтымында Молдокматовдун бөгөт чарасы эртең, 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Молдокматов 6-майда түшкө чейин Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыккан. Ушул эле күнү ал кечке жуук кайрадан суракка барган.

Ички иштер министрлиги Молдокматовдун камалышы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты