Кыргызстандык туткундарды ур-токмокко алып, тамак-аш жана суу бербей кыйнашкан
- 4 года мурун
29 – апрель күнү тажиктер барымталап кеткен кыргызстандык 10 жаран катуу кыйноого кабылышкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору билдирди.
«29 – апрелден 1 – майдын кечине чейин тажик тарап кыргызстандык 10 туткунду кыйноого алышкан. Аларды токмоктошкон, тамак-аш жана суу беришкен эмес»,-дейт борбордун директору Бакыт Рысбеков.
Интернационал айылынын башчысы, туткунга түшкөндөрдүн бири Мырзабек Жумабаев тажиктер үстүнө муздак суу куюп, 6 саат бою сабашканын, кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын айткан.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү