​Чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды.

2021 – жылдын 1 – майында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан тараптан тажик УКМК башчысы Саймумин Ятимов катышкан эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өткөн.

Дал ошондогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бүгүн жалпыга жарыяланды. Чек ара аймактарындагы кырдаалды талкуулоодо эки тарап тең болуп өткөн окуяга өкүнүп, курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтышкан. Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши керектиги жарыяланган.

Эки тарап макулдашкан боюнча топографиялык жумушчу топторго жакынкы убакытта мамлекеттик чек аранын калган бөлүктөрүн чийип чыгуу тапшырмасы берилген.

1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек араны бөлүштүрүү жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин жана материалдарын колдонуу менен мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын №43 чек ара чекитинен №61 чек ара пунктуна чейин жана №135 чек ара пунктунан №141 чек ара пунктуна чейинки бөлүктөрүн чийүү макулдашылган. бул Топографиялык жумушчу топ бул ишти 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин бүтүрүшү керек.

Ошондой эле Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек айылдарынын жана Тажикстандын Овчи, Калач, Бабажан, Чоркух, Сомонион, Хожаи Аъло участкаларындагы кыргыз-тажик чек ара тилкелеринин топографиялык сызыгын ушул жылдын 17-майына чейин чийип бүтүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын чечими менен Капчыгай айылын чыгыш тарабынан айланып өткөн Ворух – Хожаи Аъло авто жолу салынмай болду.

Бул жолдун макамы эки өлкө ортосундагы өзүнчө келишим менен бекитилет.

Жаңы жолду тезирээк салуу үчүн 2021 –жылдын 1-июнуна чейин топографиялык адистер Баткен районунун колдонуусундагы жерде талаа иликтөө иштерин жүргүзөт.

Бул жолду куруу чечими Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек арасындагы делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүтүп, юридикалык каттоого алынганга чейин үзгүлтүксүз каттамдын уюштурулушу үчүн кабыл алынган.

Ворух участкасындагы кыргыз-тажик чек арасын аныктоого бул жаңы жол салынгандан кийин киришүү чечими да кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 976 чакырым мамлекеттик чек ара тилкелеринин 504 чакырымы боюнча делимитация жана демаркация иштери жасалган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты