​Каза болгондор үчүн миллион сомдон төлөнүп, үйлөрү 2 айда бүткөрүлөт

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдын натыйжасында жапа чеккен Лейлек районунун Максат айылына барган.


Мамлекет башчысы талкаланып, өрттөлгөн мектептин алдында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, курман болгондор үчүн куран окулду.

Президент бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жабыркаган айылдарда калыбына келтирүү иштери башталаарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы, заманбап турак-жайлар курулаарын жана курулуш иштери эки айдын ичинде бүткөрүлөөрүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы аралыкта Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон компенсация төлөнүп, жабыркаган ишкерлерге да жардам берилерин баса белгиледи.

Чек ара жаңжалында 189 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болду, анын ичинде балдар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты