Баткенге деп чогулган акчаны кадырлуу аксакалдар көзөмөл кылсын
- 3 года мурун
Депутат Өмүрбек Бакиров баткендиктерге жардам катары чогултулган каражатты көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзүүнү сунуштады.
«Каражаттын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө керек», — деген эл өкүлү коррупционерлердин жана ниети таза эмес жергиликтүү чиновниктердин колуна бир дагы тыйын түшпөгөндөй кылуу керек экенин кошумчалады.
«Ал үчүн Медеткан Шеримкулов, Мыктыбек Абдылдаев, Абдыганы Эркебаев сыяктуу кадыр-барктуу аксакалдарды комиссиянын башчылыгына сунуш кылуу керек », — деди ал.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү