​Кыргызстан менен Тажикстан Ворухка кетчү өзүнчө жол куруу чечимин кабыл алышты

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын чечими менен Капчыгай айылын чыгыш тарабынан айланып өткөн Ворух — Хожаи-Аъло авто жолу салынмай болду.


Бул жолдун макамы эки өлкө ортосундагы өзүнчө келишим менен бекитилет.

Жаңы жолду тезирээк салуу үчүн 2021 –жылдын 1-июнуна чейин топографиялык адистер Баткен районунун колдонуусундагы жерде талаа иликтөө иштерин жүргүзөт.

Бул жолду куруу чечими Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек арасындагы делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүтүп, юридикалык каттоого алынганга чейин үзгүлтүксүз каттамдын уюштурулушу үчүн кабыл алынган.

Ворух участкасындагы кыргыз-тажик чек арасын аныктоого бул жаңы жол салынгандан кийин киришүү чечими да кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 976 чакырым мамлекеттик чек ара тилкелеринин 504 чакырымы боюнча делимитация жана демаркация иштери жасалган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты