Женевадагы кыргызстандыктар БУУнун алдына акцияга чыгышты

  • 3 года мурун

5-май күнү, Женева шаарында БУУнун астына кыргызстандыктар чогулуп, эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик чек-ара конфликтине көнүл бурууга чакырды.

Алар «Тажикистандын жай тургундарга каршы курал колдонушу согуштук кылмыш болуп саналат!», «Чек ара чатактары тынчтык жолу менен гана чечилсин!», «Эл аралык иликтөө жүрүшүн талап кылабыз!», «БУУ, ЕККУдан эл аралык иликтөө талап кылабыз!», «Курал колдонууга жол жок!» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушкан.

Уюштуруучулардын бири Чолпон Орозобекова “Amnesty International” жана “Human Rights Watch” укук коргоо уюмдарына да кайрылып, аларды соңку чатакты тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын түзүп чыгууну өтүнүшкөнүн айтты:

«БУУ, ОБСЕ, Евробиримдик баш болгон уюмдардын эки мамлекеттен ортосундагы маселелердин тынчтык жолу менен чечилишине салым кошуу, жабырланган жарандарга колдоо кылуу жана Тажикистандын биздин жай тургундарга оор куралдардын пайдаланышын иликтеп чыгууну талап кылдык. Ошондой эле Амнести Интернейшнл жана Хьюман Райтс Воч уюмдарына да кайрылып, бул конфликтти тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын тизип чыгуу өтүнүчү менен да кайрылдык. Эн башкысы, Тажикистан жана Кыргызстан ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек«, — деп билдирди ал.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан чыккан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты