Казакстан Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр
- 3 года мурун
Казакстандын башчысы Касым — Жомарт Президент Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынгандыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
5 — майда Акордонун басма сөз кызматы тараткан маалыматта:
«Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, анын эгемендигин коргоонун жана коомду андан ары бириктирүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын бекем пайдубалын түзөт.
Сиздин демилгелериңиздин жана реформаларыңыздын ийгиликтүү жүзөгө ашуусу — кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, элдин жыргалчылыгын жогорулатууга жана аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө жардам берет.
Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары бир тууган кыргыз элине мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр», — деп жазылган.
фото интернеттен алынды