Азамат Дыйканбаев санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды
- 4 года мурун
Азамат Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.
Муну бөлүшүү