Кармышаков Министрлер кабинетинин төрага орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды
- 3 года мурун
Улукбек Кармышаков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жардык 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү