​Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышпайт

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш күнүнө арналган парадка катышпайт. Бул тууралуу Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА новости кабарлоодо.

Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 9-майда Москвадагы парадка катышат. Бул тууралуу Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “РИА-Новостиге” билдирди.

“Дүйшөмбүдөгү “Жеңиш” паркында салтанаттуу иш-чараларды өткөргөн соң, Тажикистан Президенти жана аны коштогондор Москвага келишет. Алар Жеңиштин 76-жылдыгына арналган аскер парадына катышышат”, — деп билдирген Песков.

Ал эми Садыр Жапаров тууралуу суроого:

“Жок. Азырынча пландарда жок”, — деп жооп берген.

Буга чейин Дмитрий Песков Жеңиш күнүнө арналган парадка чет өлкөлүк лидерлер катышпастыгын айткан:

“Бул жылы Жеңиштин юбилейлик жылы болбогондуктан, чет өлкөлүк лидерлер чакырылбайт”, — деп билдирүү тараткан Кремлдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Орус лидери Владимир Путин жана Тажикистандын башчысы Эмомали Рахмон 8-майда Москва шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулай турганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты