​Жерге-Талдагы кыргыздарды Тажикстандан чыгаруу маселесин биздин ИИМ менен ТИМ көзөмөлгө алды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору Уланбек Тотуяевдин айымында Тажикстанда туруктуу жана убактылуу жашаган Кыргызстандын жарандарын өлкөдөн депортациялаган фактылар ТИМге белгилүү.

Жерге-Тал районундагы кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгаруу маселеси 2021-жылдын март айынан бери ТИМдин көзөмөлүндө экенин билдирген Уланбек Тотуяев:

«Тажикстандын паспорттук-миграциялык кызматтары тарабынан Лахш (мурунку Жерге-Тал) районунда күтүүсүз текшерүүлөр жүрө баштаганы тууралуу маалымат түшөөр замат бул маселени көзөмөлгө алганбыз. Кыргыз тараптын кабатырланып жатканы эки өлкөнүн ТИМ башчылары апрелде жолукканда да талкууланган. Ошондой эле бул маселе боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ башчыларынын денгээлинде да сүйлөшүүлөр жүрүүдө» — деди.

201 – жылы Лахш деп перс тилине өзгөртүлгөн Жерге-Тал районунда 60 миң адам жашаса, анын жарымын кыргыздар түзөт. Ал эми 15 миң калкы бар Мургаб районунун Тоолу Бадахшандагы элдин көбү кыргыз улутундагылар. 1929 – жылга чейин бул жерлер Кыргыз АССР аймагы болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты