Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды
- 3 года мурун
Улукбек Марипов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды.
Бу тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде кабыл алынды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү