​CPJ журналист Канат Каниметовго болгон куугунтукту токтотууга чакырды

  • 3 года мурун

Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) кыргыз бийлигин журналист Канат Каниметовго болгон куугунттукту токтотуп, анын эркин иштешине мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирди.


Ушул жылдын 11-мартында УКМКнын кызматкерлери «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовду УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырышкан.

Журналисттин жана анын адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, Каниметов күбө катары чакырылса дагы, тергөөчүлөр аны шектүү катары суракка алышкан, бирок кандайдыр бир конкреттүү кылмыштар үчүн айыпташкан эмес.

Мындан тышкары, апрель айынын башында Балыкчы шаарынын милиция кызматкерлери ал жашап кеткен үйдөгү туугандарын жана кошуналарын суракка алышкан.

Журналисттин айтымында, бул аракеттерге анын бийликти сындаган материалдары себеп болушу мүмкүн.

CPJнин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид «Кыргыз бийлиги журналист Канат Каниметовду жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоону тезинен токтотушу керек», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты