Чек арада жаракат алган 100 адам дарыланууну улантууда
- 3 года мурун
Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган 100 адам дарылануусун улантууда.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйынында билдирди.
Анын 59у Бишкек шаарында, 41и — Баткен облусунда. Калган жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 81 медициналык кызматкер жеринде иш алып барууда.
Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.