​Президенттин жакын адамы Арзыбек Бурканов иштен алынды

  • 3 года мурун

Премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси кызматында эки айдай убакыт иштеген Арзыбек Бурканов, 4-майда кызматтан кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.


Баткен облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты Арзыбек Бурканов Президент Садыр Жапаров менен жакын мамиледе экени, ага карата бир катар кадрдык маселелерди чечкен «көмүскө кардинал» деген айыптоолор айтылып келген.

Садыр Жапаров ушул жылдын башында ММКларга берген маектеринин биринде Буркановдун дарегине айтылган айыптоолор менен макул эместигин, ал бир дагы кадрды кызматка алып келбегенин, чогуу депутат болуп жүргөндөн бери аны жакшы билээрин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты