​Айжан Чыныбаева: «Кудайбергеновдун мэрлиги нерв системамды талкалады»

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева мэр Бактыбек Кудайбергеновдун жүргүзүп жактан саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматтан кеткенин жар салды.


«Бактыбек Кудайбергеновдун 3 айлык мэрлиги тушунда менин нерв системам талкаланды. Бирөө сага кыйкырып жаткан шартта мен иштей албайм. Мэриянын баары кызматтан кетирип жибереби деп жыйналыштан коркуп калышты. Мындай болбошу керек» — деген билдирүүсүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган.

Айжан Чыныбаеванын бул билдирүүсүн шаардык мэриянын маалымат кызматы «эмоциялардын учкуну» катары баалап, анын мындай кылыгы мэриядагылардын көнүлүн калтырганын жарыялады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты