Конституция күнүндө жаңы Конституция ишке кирет

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.


Саат 10.00дө башталчу иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү: Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Ушул жылдын 11 – апрелинде жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо менен бирге Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлгөн.

Конституциянын жаңы долбоорун колдоп, шайлоочулардын 79,3 пайызы добуш берген. Референдумга Кыргызстандагы жалпы шайлоочулардын 36,6 гана пайызы катышкан.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты