​Нурбек Токтакунов Айзада зордукталганын айтты

  • 3 года мурун

Ушул
жылдын апрель айынын башында уурдалып, кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү
боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлдү.


Бирок
жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов бул кылмыш ишинде жаңы
жагдай пайда болгонун, Айзада Канатбекова өлтүрүлөөр алдында зордукталган деген
жүрөк тилинткен маалыматты айтты.

«Тергөөчү
ишти тезинен сотко жөнөткөн. Эмне үчүн? Алдыда дагы бир ай убактылары бар
болчу. Эмнеге мынча шашышты? Тактай турган суроолор көп. Мисалы, өлүмдүн
убактысы коюлган эмес. Медициналык эксперт сурала элек. Ал эми иштин
материалдарына көз жүгүртсөк, милиция кызматкерлери мыкты иштеген экен. Тим эле
кинодогудай. Айзада уурдалгандан кийин «ИИМ
дароо толук масштабдуу издөө иш-чараларын уюштурду» — деген жалган документтерин
ишке коштум», — деди Нурбек Токтакунов.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты