​Баткенге өзгөчө макам берилет. Кандай жеңилдиктер каралган?

  • 3 года мурун

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам
долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.


Аталган мыйзам боюнча:


1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

— өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү
ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч
түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык
өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

— өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль
жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;

— жеңилдетилген каржылоо механизми;

— облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди
караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;

— товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну
ишке ашыруунун өзгөчө режими;

— Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө
көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

— 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана
маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана
чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү» —
сыяктуу жеңилдиктер каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты