Тажик баскынчылыгынан кийинки Баткенди көрүүгө чет элдик 30 журналист келди
- 3 года мурун
Эл аралык маалымат каражаттарынын журналисттери Баткен облусуна келгенин «Турмуш» маалымат булагы кабарлады.
3 – май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин чагылдыруу үчүн чет мамлекеттерден 30га жакын журналист келген.
Алар Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан талкаланган, өрттөлгөн турак жайларды кыдырып, жабыркаган эл менен баарлашат. 3 –май күнү алар кооптуу чек ара аймактарынан эвакуацияланган 650 адам убактылуу баш калкалап жаткан Баткен шаарындагы Ленин атындагы мектепке барышкан.
Фото turmush.kg булагынан алынды
Муну бөлүшүү