​Камчыбек Узакбаев кызматтан алынды

  • 3 года мурун

2008-жылдан бери Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору кызматын аркалап келген Камчыбек Узакбаев 3 – майда кызматтан алынды.


КРдин эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору Камчыбек Узакбаев Саламаттыкты сактоо жана социялдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көрсөтмөсү менен ээлеген кызматынан бошотулганын министрликтин маалымат кызматы тастыктады.

Борбордун директорлук кызматына буга чейин Камчыбек Узакбаевдин орун басарлык кызматында иштеп келген Гүлзат Маймерова дайындалды.

Эске сала кетсек, 1- апрель күнү Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров Эне-баланы коргоо улуттук борборунан асма укол алгандан кийин абалы начарлап, көз жумган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты