​Тажиктердин кол салуусунан дагы бир наристебиздин өмүрү кыйылды

  • 3 года мурун

Тажикстандын куралдуу күчтөрү жапырт чабуулга өткөн 29 –апрель, кечки саат 7лерде Арка айылынын тургундары тоону көздөй качышкан.


Дүрбөлөң түшкөн эл Фергана каналындагы суудан өтүп жатканда 5 жаштагы Турсунбаев Абидин сууга агып кеткен. Энесинин колунда дагы эки кичинекей наристелери болуп, Абидинди кармай албай калган.

Тажикстанга кире бериш чек ара тилкесинен гана агып бара жаткан баланы айылдын башка тургундары кармап, тез жардам менен ооруканага алып барышкан. Бирок, ал кезде баары кеч болуп калган экен. Бул маалыматты аймактык ооруканадан тастыкташты.


Фото соцжеледен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты