​Ализа Солтонбекова: “3-майга карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан 183 адам жабыркап, 35 адам каза болду”

  • 3 года мурун

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана Баткен облусунда жабыр тарткандардын абалы боюнча бүгүн 3 – майда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Медиа-штабда маалымат жыйын өткөрдү.


Ализа Солтонбекованын айтымында 2021-жылдын 3-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адам, анын ичинен тилекке каршы 35 жараныбыз көз жумган.

Ализа Солтонбекова 30 — апрелден 2 — майга чейин Баткен облусундагы жабырлануучуларга кан тапшырууну каалаган 652 жаран кайрылып, алардын ичинен 469 адам кан тапшырышканын айтып, донорлорго терең ыраазычылыгын билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чатагынан бир тез жардам унаасы зыян тартып, Максат айылында бир ФАП ичиндеги жабдыктары менен кошо толугу менен күйүп кеткен. Башка айылдар боюнча чыгымдар такталууда.

Кырдаал курчугандан бери Баткен облусундагы жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан, Ош, Талас облустарынан баш аягы 81 медик кеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты