​Чек арадагы абал тынч. Аскерлерди баштапкы абалына кайтаруу аяктады

  • 3 года мурун

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда 2021-жылдын 3-майынын таңына карата кыргыз-тажык чек ара тилкелеринде абал туруктуу.


Өткөн түнү эч кандай жаңжал, ок атышуу орун алган жок.

Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана мүлктөрдү өз аймактарына чыгарып кетүүнү аякташты.

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо мекемелеринин офицерлеринен турган биргелешкен комиссия кошумча күчтөр жана каражаттар жайгашкан аймактарды текшерүү иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп алып барууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты