Ташиев: «Чек арадагы абал бүгүн тынчый баштайт»

  • 3 года мурун

Бүгүн, 1-майда, саат 17:50дө Кыргызстандын жана Тажикистандын УКМК башчылары жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча кайрылуу жасашты.

Маалыматка ылайык, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу өттү.

«Че арада болгон трагедия эч качан кайталанбаш керек. Анткени чек арада жашаган биздин элдер ынтымакта жашап келген. Кыргыз-тажик чек арасында тынчтыкты орнотуу боюнча келишим түзүлдү«, — деп билдирди тажик УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов.

«Азыркы учурда төрт бөлүктөн турган протокол кабыл алынды. Биздин элдер чоң трагедияга кабылышты. Биз эки тараптын тең аскерлерин жана аскердик техникасын артка кайтарууга келиштик. Бүгүнкү күндөн тарта биргеликтеги аракеттерибиз менен биздин өлкөлөрдө, өзгөчө чек арага жакын аймактарда, тынчтык орной баштайт«, — деди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек ара аймагындагы чырдан удам эки мамлекеттин чек ара кызматтары арасында ок атышуулар орун алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты