​Түрк кеңеши кырдаалды жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын баса белгиледи

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Руслан Казакбаев тараптар ок атууну токтотуу, кырдаалды тынч, сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга жетишкенин айтты.

Түрк кеңешинин баш катчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарындагы куралдуу кармашты жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюлушун жогору баалады. Кырдаалды тынчтык багытына бурууда кыргыз тараптын салымын баса белгиледи.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты