​Каза болгондордун саны 31ге жетти. Арасында футбол машыктыруучусу Султанбек Абдибахап уулу да бар

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова тажикстандыктардын кол салуусунан кайтыш болгон мекендештерибиздин саны 31ге жеткенин кабарлады.


Учурда ар кандай жаракаттарды алган 154 адам ооруканаларда дарыланууда. Алардын 23ү күч структураларынын аскерлери.

Бөөдө өлүмгө дуушар болгондордун катарында баткендик машыктыруучу, «Нур-Баткен» клубунун оюнчусу, жеткинчектер арасындагы футбол чемпионатынын калысы 19 жаштагы Султанбек Абдибахап уулу да бар. Бул маалыматты Кыргыз футбол уюму таратып, маркумдун жакындарына көңүл айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты