​Тажиктердин тындырбай аткан огунан өтө алышпай, Мадина 40 мүнөт кансырап жатып калган

  • 3 года мурун

Тажиктердин минаметтук соккусунан өмүрү менен кош айтышкан 12 жаштагы Мадина Рахматжанова бүгүн, 30-апрелде жерге берилди.

Тажикстандын куралдуу күчтөрү ал жашаган Лейлек районундагы Интернационал айылын 29 — апрель күнү минометтук, автоматтык соккуга алганда, апасы Нарбүбү жана кичинекей сищдиси болуп коншу айылдагы коопсуз жайга качып бара жатышкан.

Минаметтук октун сыныктары Мадинага да тийген. Тажиктердин тындырбай аткан окторунан өтө албай, апасы кансырап жаткан кызына 40 мүнөттөй убакыт жете албай, күйпөлөктөгөн. Октор тынчый түшүп, Нарбүбү кызына жетип барганда көп кан кетип калган. Айылдаштары, кошуналары көтөрүп, айылдык ооруканага алып барышса, «абалы оор экен» деп райондук ооруканага жөнөтүшкөн. Тилекке каршы, Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей үзүлгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты