​Баткенде журналистке кол салуу болду

  • 3 года мурун

Баткен облусунда Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуу учурунда “Спутник Кыргызстан” редакциясынын журналистти Зульфия Тургуновага кол салуу болгонун маалымдалат. Бул тууралуу “Сейчас” Телеграм каналы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, кол салгандар журналистти бир канча метрге чейин сүйрөп салышкан.

Зульфия Тургунованын айтымында, аны топтолгон эл түртүп, сүйрөп салышкан.

Чогулган эл мага тартканга болбойт деди. Мен макул болуп, Камчыбек Ташиевдин сөзүн угуу үчүн алдыга өткөнгө аракет кылдым. Бирок, мени топтолгон эл түртүп кулатты. Кулаган учурда, мени жерден сүйрөп салышты. Ошол жерде турган К.Ташиев, Ө.Суваналиев жана аларды кайтарып турган жоокерлер көрүп, эч нерсе кылышкан жок”, — деп билдирди Зульфия Тургунова.

Баткен облусунун ИИБи маалыматты тактап жатканын билдирди.

Эске сала кетсек, азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикистан өкүлдөрү ортосунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты