​Ш.Мирзиеев С.Жапаров менен акыркы кырдаалды жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча марттагы чечимдердин аткарылышын сүйлөштү

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулашты.


Шавкат Мирзиев ушул жылдын март айында Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапары учурунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча да сүйлөшүштү.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Ташкентке болгон сапарында кыргыз-өзбек чек арасы жакынкы 3 ай ичинде толугу менен чечилээрин жарыя кылган.

Андан кийин Өзбекстанга барган УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча протоколго кол коюп, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычын жана айланасындагы 50 гектар жерди Өзбекстандын 1000 гектар жерине алмашмак болгон.

Бирок жергиликтүү эле бул протоколго карманча каршы чыгып, Кемпир – Абад суу сактагычы, анын айланасындагы 50 гектар жер дагы Кыргызстанда калышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.

Элдин талабын уккан Камчыбек Ташиев Ташкентке барып, кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүн айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты