30уна караган түнү каза болгон жоокердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү
- 3 года мурун
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 30-апрелге караган түнү кайтыш болгон кыргыз жоокери Эсентур Кубанычбековдун сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү.
Бул тууралуу «Азаттыкка» бир тууганы Амантур Кубанычбеков билдирген.
Маркум Баткенге 13 — апрелде Нарындан жөнөтүлгөн. Командир Эсентур Кубанычбеков 30 жашта болчу
.
УКМК тараткан маалымат боюнча 29 – апрель түшкү саат экилерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын көздөй чабуулга өтүп, минамёт, пулемёт, автоматтар менен жапырт аткылоону башташкан.
Фото «Азаттыктан» алынды
Муну бөлүшүү