​Баткен ОИИБ: 30-апрелдин таңына карата абал турукташты, бирок кырдаал чыңалган бойдон турат

  • 3 года мурун

Кыргыз — тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы.

«30-апрелдин таңына карата Баткен районундагы абал турукташып, ок атышуулар токтоду. Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Центральный, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган. Учурда чек аралаш аймактарда абал чыңалып турат. Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугу сактоодо жана кырдаалды курчутпоого болгон күчүн аракетин жумшоодо» — дейт Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты